Багратион Пётр Иванович (1765- 1812) - князь, орус генералы (1809), Ата Мекендик согуштун (1812) баатыры.

Кизляр шаарында грузиндин эски княздар Уруусунан чыккан полковниктин үй-бүлөсүндө туулган. 1782-жылдан аскер кызматында. Орус-түрк (1787- 91) жана Польша согушуна (1793-94) катышкан. А. В. Суворовдун 1799-жылдагы Италия, Швейцария жортуулунда генерал-майор чининде алдыңкы отрядга командалык кылып, Франция менен согушта (1805-07) орус армиясынын арьергардын башкарган, орус-швед согушуна (1808-09) катышып, Аланд аралдарын ээлеген.

Орус-түрк согушунда (1806-12) армияларга командалык кылган. 2-Батыш армиясына, Бородино салгылашында орус аскерлеринин сол тарабына командачылык кылып, туруктуулуктун жана эр жүрөктүүлүктүн үлгүсүн көрсөткөн. Ошол согушта курман болуп, сөөгү Сима шаарына коюлган. 1839-ж. ал жерден Бородино талаасына алып келип көмүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.