РКП(б)нын мусулман уюмдарынын борбордук бюросу

РКП(б)нын МУСУЛМАН УЮМДАРЫНЫН БОРБОРДУК БЮРОСУ – Кавказ, Волга бою жана Россиянын башка жерлеринен келген делегаттардын катышуусу менен 1918-жылы ноябрда Москвада коммунисттик мусулмандардын 1-съездинде түзүлгөн жетекчи орган. Кийин жер-жерлерде РКП(б) Бкнын мусулман бюролору жана секциялары түзүлгөн. Ага чет элдик мусулмандар жашаган башка өлкөлөрдөн келген коммунисттер да кирген. Бюро 1919-жылы мартта РКП(б) БКга караштуу «Чыгыш элдеринин коммунисттик уюмдарынын борбордук бюросу», 1921-жылы январдан «Түрк элдеринин арасына үгүт жана пропаганда жүргүзүүнүн борбордук бюросу» аталып, май айында жоюлган.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.