РКП(б) БКнын Түркстандагы негизги милдеттери жөнүндө

«РКП(б) БКнын ТҮРКСТАНДАГЫ НЕГИЗГИ МИЛДЕТТЕРИ ЖӨНҮНДӨ» – 1920-жылы 29-июнда кабыл алынган РКП (б) БКнын Саясий бюросунун токтому. Мында Түркстан компартиясынын милдеттери – улуттар арасындагы теңсиздикти, кастыкты жоюу, жергиликтүү калктан келгиндер өз бетинче тартып алган жерлерин кайра кайтаруу, чарбаларды жер менен камсыз кылуу, полициянын, соодагерлердин, жергиликтүү улутчулардын мурунку жан-жөкөрлөрүн Түркстандан кууп чыгуу жана башка милдеттер, бардык партиялык уюмдарды Түркстан КПга бириктирүүнүн зарылдыгы белгиленген.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.