РКП(б) Кара Кыргыз облустук 1- конференциясы

РКП(б) КАРА КЫРГЫЗ ОБЛУСТУК 1-КОНФЕРЕНЦИЯСЫ 1925-жылы 23–26-мартта Пишпек шаарында өткөн. Ага партиянын 3524 мүчөсүнөн 116 делегат чечүүчү, 32 делегат кеңешчи добуш менен катышкан. Күн тартиби: РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун доклады, РКП(б) БКнын контролдук комиссиясынын өкүлүнүн доклады, облустук контролдоо комиссиясы менен Жумушчу-Дыйкан инспекциясынын милдеттери, жумушчу жана дыйкан аялдарынын арасындагы иш жөнүндө доклад жана башка. Конференция чоңдордун сабатсыздыгын жоюуга жана балдарды мектепте окутуу маселесине көңүл буруп, мугалимдердин ролун көтөрүү, кедей жана орто чарбаларга салыкты азайтуу, дыйкан чарбаларын жерге орноштуруу, айдоо аянтын (бөтөнчө пахта) кеңейтүү иштерин сунуштаган. Көп ячейкаларда партиялык тартиптин төмөндүгүн көрсөтүп, жаатчылыкты уюштуруучуларды кату сынга алган. Конференция 35 мүчө жана 11 мүчөлүккө кандидаттан турган облустук партиялык комитетти, облустук контроль комиссиясын жана текшерүү комиссиясын шайлаган. Ошентип, конференция Кыргызстанда партиялык уюмдун түзүлүшүнө негиз салган.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.