РабатМарокко Королдугунун борбору (1956-жылдан). Атлантика океанынын жээгинде, Бу-Регрег дарыясынын боюнда жайгашкан. Климаты субтропиктик, жер ортолук деңиздик. Кышы жумшак, жайы жылуу. Январдын орточо температурасы 12,6°С, июлдуку 22°С. Жылдык жаан-чачыны 530 мм. Калкы 1,8 млн (2010; Сале шаары менен бирдикте Рабат-Сале префектурасын түзөт). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш, жеңил, химиялык, металл иштетүү, жыгаччылык, текстиль өнөр жай ишканалары иштейт. Килем токуу өнүккөн. Университет, Илим-изилдөө институттары, китепканалар, музейлер бар.

Рабат.

Альмохаддар тарабынан 12-кылымда негизделген. 1912–56-жылдары Марокко француз протекторатынын административдик борбору болгон. Удайя чеби (12–17-кылым), Хасан мечити жана «Хасан мунарасы» минарети (12-кылым), Чоң мечит менен (14-кылым) сакталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү