Рага (санскрит. ragastra – боёк, түс, ышкы, каалоо) –

1. Индиянын улуттук музыкалык классикасындагы ладдык-обондук бирдиктер системасы. Жазма даректемелерде алардын саны 3500гө жеткирилет. Бирок музыкалык аткаруучулук тажрыйбада 200гө жакыны гана пайдаланылат. Рага негизинде музыкалык төкмөлүк усулдардын жардамы менен жаңы чыгармалар жаратуу ишке ашырылат.

2. Рага негизинде жаралган түркүн мазмундуу жана түзүлүштөгү чыгармалардын жанрдык аталышы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.