Радиоактивдүү элементтер

Радиоактивдүү элементтер — бардык изотоптору радиоактивдүү болгон химимялык  элементтер. Р.э. технеций 43Тс, прометий 61Рm, ошондой эле элементтер мезгилдик системасынын аягындагы бардык элементгер (L = 84-103), уран 92U жана трансурандык элементтер кирет. Тс жана Рm стабилдүү изотоптору жок. Алар жаратылышта кезикпейт, жасалма ыкмасы ар түрдүү ядролук реакциядан алынат. Жаратылышта уран жана торий кезигет, радиоактивдүү изотоптору 238U, 232Тh. 238U изотобунун жарым ажыроо мезгили Т1/2 = 4,51 млрд ж., 231U - 700 млн., 232Тh изотобунуку 13,9 млрд ж. болгондуктан, жердеги пайда болгон биринчи Р. э болуп эсептелет. Баштапкы алынган Р. э. ядролору эки эсеге азайганда кеткен убакыт Р. э. жарымына ажы-роо мезгили (T1/2) деп аталат. Ал турактуу чоңдук. Ажыроо ылдамдыгы бирдиги Кюри (Кu). Практикада милликюри (1 mКu = 3,7-107С-1 ажыроо/сек); микро-кюри (1 mkКu = 3,7. 104С-1 ажыроо/сек) колдонулат. Р. э. a, b, g - нурларды бөлүп чыгаруу менен ажырайт. a-ажыроодо пайда болгон элементтер изотобу мезгилдик системада энелик ядродон эки клетка сол жакка жайгашат да массасы 4 м. а. б. азаят. b - ажыроодо баштапкы элементтен бир клетка он жагындагы элемент изотобу пайда болот да массасы өзгөрбөйт. Жасалма радиоактивдүүлүк белгилүү болгондон кийин спонтандык, протондук, эки протондук, позитрондук ажыроолор жана К жутуу ачылган. Радиоактивдүү нурлар таасири менен жүргөн химимялык  айланыштар радиолиз деп аталат. Спонтандык ажыроодо бөлүнген нейтрондор эсебинен термоядролук жарылуу пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү