Радиокомпас, автоматтык радиокомпас - жердеги радио станцияларды автоматтык пеленгдөөчү самолёт радио пеленгатору.

Ал ээрчиме система менен байланыштуу жана 2 антеннасы бар кабыл алгыч индикатордук .түзүлүштөн туруп, бергич радиостанция менен бирдикте иштейт.

Радиокомпас самолёттордун аэропорттун аймагына бет алышын, туура конушун, самолётту башкаруунун башка навигациялык маселелерин чечүүнү камсыз кылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.