Радиолокация (радио... жана латынча iocatio – жайгашуу, жайгашуу орду) – радиотехникалык методдор менен ар кандай объектилерди (самолёт, кеме ж. б.) табуу, таануу, координаталарын (ордун) ж. б. мүнөздөмөлөрүн аныктоо; радиолокация – радиоэлектрониканын маанилүү багыттарынын бири. Радиолокация объектилердин электр-магнит толкундарын нурлантуу жана чагылтуу касиетине негизделет. Радиолокациянын үч ыкмасы бар: а) объектиге радио толкун жиберилип, объектиден чагылган радио толкунду кабылдоо; б) жиберилген радио толкунду объект кабыл алып, аны кайра нурланткан (ретрансляцияланган) радио толкунду кабылдоо. Биринчи, экинчи ыкма боюнча радиолокациялык байкоолорду жүргүзүүдө атайын кабылдагыч-бергич радиостанциялар, үчүнчү ыкмада кабылдагыч радиостанция колдонулат. радиолокациянын жардамы менен навигация, учуучу аппараттарды башкаруу, кемелерди татаал жерлерден өткөрүү, аба ырайын алдын ала айтуу ж. б. иштер аткарылат. Объектиге чейинки аралыкты аныктоо объектиден чагылган сигналдын чалгындоочу сигналга кеткен убакытка салыштырмалуу кечигүүсүн ченөөгө негизделет. Чалгындоочу сигнал – толкун жибергичтен антенна аркылуу мейкиндикке берилүүчү чоң кубаттуулуктагы импульс. Чалгындоочу импульсту нурлантуу мезгили радио толкундун таралуусундагы башталгыч убакытты белгилейт. Нурлануу мезгили менен объектиден чагылган импульсту кабыл алуу мезгилиндеги айырма кечигүү убактысы деп аталат. Кечигүү убактысы белгилүү болсо, аралык төмөнкү формула менен аныкталат: D=c∙tk/2, мында D – объектиге чейинки аралык, с – радио толкундун таралуу ылдамдыгы, tk – кечигүү убактысы. Кечигүү убактысын ченөө ыкмаларына жараша радиолокациянын импульстук, жыштык, фазалык методдору бар. Радиолокатордун туура иштеши үчүн толкун жибергичтин, кабылдагычтын, индикатордун иштөө убакыттарын синхрондоштургуч аркылуу жөнгө салынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү