Радиолокациялык астрономия

Радиолокациялык астрономия- астрономиянын бир бөлүмү; мында күн системасындагы телолор радио бергич аркылуу телого жиберилген жана андан чагылган радио толкундун жардамы менен изилденет.

Радиолокациялык астрономиянын методдору астрометрия менен астрофизиканын маселелерин чечүү үчүн колдонулат. Радиолокацияны колдонуу асман объектилерине жиберилген радиосигнал асман телолоруна жетип жана андан кайра келген убакыт боюнча ошол асман объектисине чейинки аралыкты өлчөөгө мүмкүндүк түздү. Планетаны жана Айды радиолокациялоодо алардын катуу бетинен чагылган радио толкундар изилденет, ал эми Күндү изилдөөдө күн таажысындагы иондошкон газдан чагылган жаңырык- сигнал кабылданат. Метеорлор менен Айга жүргүзүлгөн радиолокациялык байкоолор 20-кылымдын 40-жылдарында башталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.