Радиоспектрометр ⎯ кванттык системаларда, толкун узундуктары радиодиапазондогу электр-магниттик толкундардын (λ=302мм) жутулуу спектрлерин каттоодо колдонулуучу татаал түзүлүштөгү прибор.

Физиканын радиоспектроскопия бөлүгүндө айрым изилдөө ыкмалары бар (мис., ЭПР-электрондук парамагниттик резонанс, ЯМР–ядролук магниттик резонанс, ЯКР–ядролук квадруполдук резонанс, ЦР–циклотрондук резонанс, ФР–ферромагниттик резонанс, АР–анти-ферромагниттик резонанс). Аталган ыкмалардын ар биринин өзүнө таандык жутулуу спектрлерин каттай турган, азыркы мезгилдин талабына ылайык, сезгичтүүлүгү, спектрдин тактыгы абдан жогору болгон радиоспектрлердин жардамы менен иш жүзүнө ашырылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү