Радиотехника – электр-магнит термелүүлөрүн, радиодиапазондогу толкундарды генерациялоо (пайда кылуу), күчөтүү, таратуу, кабыл алуу методдору жана аларды пайдалануу жөнүндөгү илим; техниканын маалыматты аралыкка берүү үчүн радиодиапазондогу электр-магнит термелүүлөрүн практикада колдонууну жүзөгө ашыруучу тармагы. Маалыматты берүү радио байланышында, радио уктурууда, телекөрсөтүүдө, радиолокацияда, радионавигацияда, машиналарды, механизмдерди, технологиялык процесстерди көзөмөлдөөдө жана башкарууда, ошондой эле түрдүү илимий изилдөөлөрдө колдонулат. Толкундардын радиодиапазону электр-магнит толкундарынын (ЭМТ) узундугу бир нече миң кмден ммдин ондук үлүшүнө чейинки спектрин өз кучагына алат. Радиотехниканын өнүгүшү радиофизиканын, электрониканын, жарым өткөргүчтөр физикасынын, электр акустикасынын, термелүүлөр теориясынын, маалымат теориясынын, математиканын түрдүү бөлүмдөрүнүн жетишкендиктери, ошондой эле техникадагы жогорку жыштыкты өлчөөнүн прогресси, вакуумдук жана жарым өткөргүч техникасы, электр булактарынын өндүрүлүшү ж. б. тармактар менен тыгыз байланыштуу. Радиотехника электр термелүүлөрүн генерациялоо, электр термелүүлөрүн күчөтүү, ал термелүүлөрдү өзгөртүү, башкаруу, антенна техникасы, мейкиндикте, түрдүү чөйрөлөрдө жана багыттоочу системаларда радио толкундун таралышы, электр-магнит термелүүлөрүн чыпкалоо, демодуляциялоо, берилген сигналдарды (речти, музыканы, сүрөттү, телеграф ж. б. белгилерди) кайра калыбына келтирүү, ЭМТ жана кайра калыбына келтирүү, ЭМТ жана термелүүлөр менен (радиоэлектрондук системалар аркылуу) көзөмөлдөө, башкаруу жана жөнгө салуу ж. б. бир катар маанилүү илим тармактарын камтыйт. Радиотехниканын тарыхы электр жана магнит талаалары жөнүндөгү окуунун негизин түзгөн (1837–46) М. Фарадейдин иштеринен башталат. Ж. К. Максвелл Фарадейдин идеяларын өнүктүрүп, мейкиндикте толкун түрүндө таралууга жөндөмдүү электр жана магнит талааларынын бар экенин математикалык ыкма аркылуу айкындаган. Радиодиапазондогу ЭМТни (толкун узундугу 1 дмге жакын) биринчи болуп немец физиги Г. Герц тажрыйбада алган жана изилдеген (1886–89). A. С. Попов Герцтин тажрыйбасын өнүктүрүп, өзүнүн дүйнөдөгү биринчи радио кабылдагыч 1895-жылы 25-апрелде (7-майда) иштетип көрсөткөн. Радиотехниканын өнүгүшүнүн алгачкы мезгили – жөнөкөй радио бергич жана радио кабылдагыч радиостанцияларды түзүү менен байланышкан. Радио түзүлүштөрдү өркүндөтүүнүн кийинки кадамы алыска тароочу радио толкундарды колдонууга негизделген. 1912–34-жылдары орус илимпозу В. П. Вологдин индуктор тибиндеги жогорку жыштыктуу машинанын үлгүсүн түзгөн. 1925-жылы Вологдин машинасынын жардамы менен Москва – Нью-Йорк радио байланышы жүргүзүлгөн. Электрон лампасынын өнүгүшү жана колдонулушу радиотехниканын бардык тармактарына чоң өзгөрүү киргизди. 20-кылымдын башына радиотелеграф байланышы менен катар радио уктуруу пайда болду. Азыркы радио уктуруу ультракыска, орто жана узун толкундар менен берилет. Радиотехниканын өзгөчө бөлүмү – радиолокация жана радионавигация. Байланыштын өнүгүшүнө жараша жана радиолокациянын талабына ылайык кристалл детекторлору алынып, алардын негизинде жарым өткөргүчтүү диоддор түзүлдү. Кыйла өркүндөтүлгөн электрон нур приборлору пайда болду. Радиотехниканын методдору автоматтык башкаруу, жөндөө жана маалыматты иштеп чыгуу системаларынын аракетине негизделген. Радиотехника өнөр жай менен айыл чарбада кеңири колдонулат. Ал илимдин түрдүү тармактары менен тыгыз байланышкан. Радиотехниканын өнүгүшүнүн негизинде электр акустикасы, үн жазуу жана кайра угузуу өркүндөтүлүп, ультраүндү техникада, медицинада ж. б. тармактарда пайдалануу ишке ашырылган. Радиотехника радио кабылдагыч жана телекөрсөткүч, радио уктуруучу жана телекөрсөтүүчү станцияларда колдонулуучу аппараттарды, өнөр жай жана илимий радио жабдууларды, радио тетиктерди ж. б. чыгаруучу кубаттуу радио өнөр жайынын болушуна өбөлгө болду.

Колдонулган адабияттар түзөтүү