Радиофизика – физиканын радиодиапазондогу электр-магниттик термелүүлөр жана толкундар менен байланышкан физикалык процесстерди изилдөөчү бөлүгү. Андай процесстерге радио толкундун дүүлүгүшү, таралышы, кабыл алынышы, жыштыгынын өзгөрүшү ж. б. кирет. 20-кылымдын 20–30-жылдарынан калыптанган. Радиофизика менен астрономиянын негизинде радиоастрономия пайда болду. Радиоастрономияда космостук булактардан келген өтө начар сигналдар кабыл алынып, анализделет; жогорку сапаттагы бурчтук ажыратуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон антенна менен интерферометрлер жасалат; космостук булактардын нурлануусунун жаратылышы изилденет. Радиофизиканын жетишкендиктери физиканын электроника, микроэлектроника, диэлектриктер физикасы, жарым өткөргүчтөр физикасы бөлүмдөрүнүн өнүгүшүн шарттады. Радиофизиканын негизги методдору болуп төмөнкүлөр эсептелет: 1) электрдик термелүүлөрдү өзгөртүп түзүү, аларды чөйрөгө таратууну изилдөө, радио толкундарды кабылдоо жана күчөтүп пайдалануу; 2) радио толкундарды чөйрөгө таратуу жана кабыл алуу боюнча антенна теориясынын негизги принциптерин иштеп чыгуу; 3) радио толкундардын жер бетинде таралышын изилдөө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү