Радиоэкология экологиянын радиоактивдүү заттардын организмде топтолушун жана биосферадагы миграциясын изилдеген бөлүгү. Эки негизги багыты бар. Биринчиси радионуклиддердин экосистемада жана анын компоненттеринде (топурак ж. б.) болушун жана таралуусун, экинчиси иондошкон нурдануунун биотага жана адамга тийгизген таасирин изилдейт. Радиоэкология 20-кылымдын 50-жылдарында ядролук куралды сыноонун натыйжасында айлана-чөйрөнүн радиоактивдүү заттар менен булганышынын негизинде пайда болгон. Ага В. И. Вернадский, A. М. Кузин, A. А. Передельский ж. б. окумуштуулар зор салым кошкон, к. Радиоактивдуу заттар менен булгануу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү