"Алмаз-Нарын" үналгысы Кыргызстандын аймактарындагы эркин радиолордун бири. Негизинен Нарын шаарында жана ага жакыныраак кыштактарда, Ала-Мышык тоосунда FM жыштыгында кармап угууга болот. Биринчи ирет обого 2001 жылы, 16 майда, чыккан. Жетекчиси - Жаркын Ибраева. Бул үналгы аркылуу "Азаттык үналгысынын" [1]берүүлөрүн да кармап угууга болот.