Радио аралык өлчөгүч – радио толкундардын жардамы менен объектиге чейинки аралыкты аныктоочу аспап. Импульстук жана фазалык (интерференциялык) радио аралык өлчөгүч болуп айырмаланат. Импульстук радио аралык өлчөгүчтүн иштеши кыска толкундуу радиоимпульстардын радио аралык өлчөгүчтөн объектиге жетип, кайра таралышындагы убакытты өлчөөгө, ал эми фазалык радио аралык өлчөгүч өлчөнүүчү аралыктагы узата кеткен толкун узундуктарынын санын аныктоого негизделген. Радиолокациялык, радионавигациялык ж. б. түзүлүштөрдө кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү