Радио галактикалар – кадимки галактикаларга (биздин Галактикага же Андромеданын чоң галактикасына) салыштырганда өтө кубаттуу радио нурланууларга ээ болгон галактикалар. Радио галактикалардан тышкаркы радио булактардын көп сандаган тобун түзөт жана радио нурлануусу боюнча бир жагынан квазарларга жана нормалдуу (спиралдуу) галактикаларга таандык. Магнит талаасынын бир тектүүлүгү байкалбагандыктан, радиогалактикалардын нурлануусу сызыктуу полярланат. Радио галактикалардын радио нурлануусу табиятты синхрондуу, башкача айтканда ал начар магнит талаасындагы ультрарелятивдик (жарык ылдамдыгына жакын ылдамдык менен) электрондун кыймылынан пайда болот. Радио галактикалардын эволюциясы, энергия булактарынын табияты менен алардын релятивдик бөлүкчөнүн энергиясына айланышы – абдан татаал проблемалардан. Радио галактика жөнүндөгү гипотезалар азырынча так чечиле элек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү