Радио искусство – көркөм сүйлөө (мисалы, драмалык) искусствосунун радиодон уктурулуучу түрү. Радио искусство – бардык көркөм радио берүүлөр аталып, ага музыкалык-драмалык чыгармалар да кирет. Радио искусство өзүнчө көркөм чагылдыруу каражаттарына, чыгармачылыктын жана кабылдоонун өзгөчө шарттарына ээ. Радио пьесадагы болуп жаткан окуя көрүнбөгөндүктөн, андагы каармандардын сырткы келбети, кыймыл-аракети, ой-санаасы радиодо сөз, сүйлөө ыргактары, музыка, үн аркылуу берилет. Булар радио искусствонун өзүнө таандык эстетикалык өзгөчөлүгүн, анын таасир этүү жана кабылдоо мүнөзүн шарттайт. Радио искусство актёрдон жумшак, токтоо, ишенимдүү, терең психологиялык кылдат үндү талап кылат. Радио берүүлөрдүн сапаттуулугу радионун техникалык каражаттарына байланыштуу болот жана радиодо үн режиссёрунун иши чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү