Радио өлчөө - радио техникалык түзүлүштөрдү мүнөздөөчү электр, магнит, электр-магнит чоңдуктарын жана алардын катыштарын аныктоо.

Радио өлчөө методдору төмөнкү маанилүү тармактарга бөлүнөт:

  • электр жана радио элементтеринин параметрлерин өлчөө;
  • жарым өткөргүчтүү жана электр-вакуумдук элементтердин, приборлордун жана түзүлүштөрдүн иштешинин режимдерин аныктоо;
  • радио сигналдарын өлчөөнүн түрүн жана мүнөзүн аныктоо;
  • электрондук жана радиотехникалык түзүлүштөрдүн мүнөздөмөлөрүн тактоо;
  • радио өлчөгүч приборлорду, радио техникалык блокторду, түзүлүштөрдү жана системаларды градуирлөө жана калибрлөо;
  • материалдардын жана заттардын бир катар электр-физикалык параметрлерин өлчөө.

Радио өлчөө радио байланышты, телекөрсөтүүнү, радиолокацияны, автоматика каражаттарын, техникалык диагностиканы жана эсептөө техникасын иштеп чыгарууда, өндүрүүдө жана пайдаланууда, электрондук приборлорду жана элементтерди жасоодо өтө керек. Көп учурда радиотехникалык түзүлүштөрдүн параметрлерин өлчөө үчүн Радио өлчөөнүн кыйыр методдору пайдаланылат. Радио өлчөө лаборатория, өндүрүш жана талаа шарттарында жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.