Раимбеков Доктурбек [25. 11. 1948-жылы туулган, Фрунзе областы, Калинин району (азыркы Чүй областы, Панфилов району), Кум-Арык айылы] – ветеринария илимдеринин доктору (1994), профессор (1996). КАЧИни (1973), Кыргыз мал чарба жана ветеринария Илим-изилдөө институтунун аспирантурасын (1977) бүтүргөн. Эл аралык жогорку билим берүү академиясынын академиги (2003, Москва шаары, РФ), Эл аралык ветеринария академиясынын академиги (2003, Барнаул шаары, РФ), Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер (2010). Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги (1997). 1977-жылдан Кыргыз мал чарба жана ветеринария Илим-изилдөө институтунун улук илимий кызматкери. 1978–89-жылдары КАУда ассистент, доцент. 1993-жылдан кафедра башчысы. Ал негизинен жаныбарлардын эпизотологиясы боюнча адис 326дан ашык илимий эмгектердин автору, анын ичинде 17 окуу китеби, 65 методикалык сунушу, ветеринардык адистер үчүн 30 инструкция жана нормативдик документтери бар, 10 автордук күбөлүктүн ээси. Эмгектери: Кой-эчкинин ылаңдары. Б. 1993.-216 б; Эпизоотология жана айыл чарба жаныбарларынын жугуштуу ылаңдары. Б., 2000.-480 б.; Раимбеков Д. ж.б. Руководство к практическим занятиям по эпизоотологии (зооантропонозы): Учебник.- Б.:"Шам", 2005. - 384с.; Раимбеков Д. Эпизоотология жана айыл чарба жаныбарларынын жугуштуу ылаңдары: Окуу китеби. - бас., толук.-Б.:2007. - 640 б.; Раимбеков Д., Турсунов Т. Канаттуулардын оорулары: Окуу китеби.- Б. "Кут-Бер", 2009.-292 б.; Раимбеков Д. Жалпы эпизоотология: Б., 2010.- 392 б.; Раимбеков Д. Эпизоотология боюнча практикум: Окуу китеби. - Б.:2016.- 416 б.; Раимбеков Д, Узакбаев Т. Айыл чарба жаныбарларынын жугуштуу ылаңдары:Окуу китеби.-3 бас.толук.-Б."Мега формат", 2017. - 772 б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү