Раимбек Абдиев — кыргыз жазуучу.

Раимбек Абдиев
Туулган датасы:

25 -ноябрь 1953(1953-11-25) (71 жаш)

Туулган жери:

Жети-Өгүз району, Даркан айылы

Чыгармаларынын тилдери:

кыргыз

Ал Жети-Өгүз районунун Даркан айылында 1935-жылы 25-ноябрда туулган. Фрунзе шаарындагы А.С.Пушкин атындагы №5 кыргыз орто мектебин, 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Журналистика бөлүмүн бүтүрүп, райондук, облустук, республикалык массалык маалымат каражаттарында кабарчы, адабий кызматкер, бөлүм башчы, башкы редактордук кызматтарды аткарган.

1982-1983-жж. Кыргыз ССР Министрлер Советинде жооптуу кызматта иштеген. Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясында массага маалымат каражаттары жана коомдук уюмдар боюнча иштеп, 1996-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Макалалары, фельетондору, очерктери, аңгемелери басма сөз беттерине жарыяланган жана бир катар радио-телеберүүлөрдү уюштурган. Француз классиги А. Доденин «Балакай» романын жана орус, украин, казак жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Кыргыз улуттук телерадио компаниясынын Алтын казынасында Р. Абдиевдин көп актылуу сахна чыгармалары сакталган. 1971-жылдан СССР Журналисттер, 2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери

түзөтүү
  • Коммунисттин максаты: Очерк. Ф.: Кыргызстан. 1970. 31 б.
  • Күжүрмөндөр менен бирге: Очерк. Ф.: Кыргызстан, 1972. 65 б.
  • Абийир: Роман. Ф.: Кыргызстан, 1980. 348 б.
  • Төпө аке: Роман. Б.: Плюс, 2002. 342 б.
  • Таазим: Роман, эссе. Б.: Плюс, 2004. 256 б.
  • Алай закымдары: Тарыхый роман. Б.: Плюс, 2005. 391 б.
  • Үмүт: Роман. Б.: Плюс, 2006. 203 б.

Котормолору

түзөтүү
  • Альфонс Доде. Балакай: Роман. – Ф.: Мектеп, 1982. – 230 б.

Колдонулган адабият

түзөтүү
  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары / 2-том. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) – Б.: 2011. – б. Түзүүчүлөр: А.Чекиров, Ө.Калыева.