Раимжанов Мамат 1953-жылы Сузак районунун Көк-Арт айылында туулган.

Көк-Арт айылындагы башталгыч мектепти, 1970-жылы Октябрь кыштагындагы А.С.Макаренко атындагы орто мектепти, 1976-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетин аяктаган.

Эмгек жолун ошол эле жылы университеттин жолдомосу менен, Тогуз-Торо районундагы “Атай” орто мектебинде мугалим болуп эмгектенип баштаган. Андан кийинки жылдары Жалал-Абад шаарындагы кесипчилик-техникалык окуу жайында окутуучу, окуу иштери боюнча директордун орун басары, Сузак райондук “Пахтачы” гезитинде иштеп, 2000-жылдан Бишкек шаарындагы “Кыргыз Руху”, “Эркин Too”, “Аалам”, “Ордо” гезиттеринде журналист болуп эмгектенип, 2012-жылы оорудан кийин эс алууга чыккан.

Аналитик, саясий баяндамачы, жазуучу катары журналистер чөйрөсүндө, эл арасында белгилүү адам. “Армандуу тескей”, “Чабандес” “Алмалар гүлдөйт”, “Карга”, “Үчөө” аңгеме, повесттердин автору. (Көчмөн доор)” мистикалык романы, “Тайга тагдыр” прозалык жыйнагы жарык көргөн. 2016 жылы, 4-октябрь куну оорудан каза тапкан

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3