Раимкулов Төлөн [16. 1. 1950-жылы туулган, Фрунзе (азыркы Чүй) областы, Москва району, Ак-Башат айылы] – спорт ишмери (эркин, кыргыз күрөшү), СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыргычы, эл аралык калыс. КМДТИни бүтүргөн (1972). 1972–88-жылдары Кыргыз Республикасынын тандалма командасынын башкы устаты. Тыйын эңмей боюнча Кыргыз Республикасынын 10 жолку, оодарыш жана ат ойнотуу боюнча көп жолку, улуттук оюндар боюнча СССРдин 3 жолку чемпиону. Ондогон улуттук оюндардын чеберлерин (Н. Дөңбаев, Н. Изабеков, А. Төрөгелдиев ж. б.) даярдаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү