Райпур – Индиядагы шаар, Чхаттисгарх штатынын административдик борбору. Маханади дарыясынын өрөөнүндө. Калкы 1,2 млн (2011). Шалы (күрүч) эгилүүчү аймактын борбору. Курулуш материал (цемент, мрамор, гранит), текстиль, тамак-аш ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Шеллак (айрым тропика өсүмдүктөрүнөн алынуучу чайыр) өндүрүлөт. Жогорку окуу жайлар, китепканалар, Махант Гхаси Дас музейи ж. б. бар. Дудхаради храмы сакталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү