Райчел Мид (англ. Richelle Mead; 1976-жылдын 12-ноябрында туулган) — америкалык фэнтези бестселлер жазуучусу. Ал "Жоржина Кинкейд" (англ. Georgina Kincaid), "Кан ичкичтер академиясы" (англ. Vampire Academy), "Кан байланыштары" (англ. Bloodlines) жана "Кара ак куу" (англ. Dark Swan) сериялары менен таанымал.

Райчел Мид (2018).

Өмүр таржымалы түзөтүү

Билими жана эмгек жолу түзөтүү

Райчел Мид Мичиганда туулган, учурда АКШнын Вашингтон штатындагы Сиэтлдин чет жакасындагы Киркленд жергесинде жашайт. Ал үч даражага ээ болгон: Мичиган университетинен жалпы билим багытында бакалавры, Батыш Мичиган университетинен салыштырмалуу диндер багытында магистри жана дагы Вашингтон университетинен педагогика багытында магистри бар. Педагогика боюнча алган даражасы аны Сиэтлдин чет жакасында 8-класстын мугалими болууга алып барган. Ал жерде Мид коомдук илимдер жана англис тил сабактарынан берген. Ал "Жин аялдын блюзу" (англ. Succubus Blues) аттуу биринчи романын сатканга чейин бош убактысын жазуу менен өткөргөн. Ал жазуучулукка толугу менен өтүп кеткенден кийин башка китептери тез эле биринин артынан экинчиси жарыкка чыга баштаган.

Чыгармалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү