Раковина – көпчүлүк омурткасыздардын (раковиналуу амёба, фораминифералар, моллюскалардын, омуроо буттуулардын, кээ бир рак сымалдардын) денесин жаап турган, сырткы коргоочу скелеттик түзүлүшү. Раковина адатта денени толук каптагандыктан, анын тешиги аркылуу жаныбар денесинин жумшак бөлүгү сыртка чыга алат. Раковиналуу амёбаларда раковина хитинге окшош же килкилдек сымал заттан туруп, амёба мурда жутуп алган кремний пластинкалары же майда кум бүртүкчөлөрү менен кооздолгон (инкрустацияланган) болот. Чопкуттуу шапалактуулардын кош капкалуу раковинасы клетчатка пластинкаларынан турат. Фораминифералардын бир же көп камералуу көңдөйлүү акиташтуу же органикалык бүртүкчөлүү раковинасы (50 .ик.иден бир нече смге чейин) майда кум менен кооздолгон. Раковина бир нече ммден 1 мге (мисалы, тридакнанын раковинасысынын узундугу 1,25 см, салмагы 250 кгга жетет) чейин болот. Чопкуттуу моллюскалардын раковинасы бири бирине черепица сымал кабатталып жаткан 8 жон пластинкалардан турат. Үлүлдөрдүн раковинасы калпак сымал формада болот, көбү спираль конустай буралган. Кош капкалуу моллюскалардын раковинасынын төбөсүндө ийилгич лигамент жана кулпу менен бириккен 2 каптал капкасы бар. Сырткы раковиналуу баш буттуу моллюскалардын раковинасы көп камералуу, түз же спираль сымал толгонгон; ички раковиналуулардыкы жон терисинин астында жатат. Моллюскалардын раковинасын мантия бөлүп турат. Раковинанын сырткы катмары кутикулага туура келет да, органикалык заттан, ортоңку катмары акиташ призмачалардан турат. Моллюскалардын раковинларынан илгертен идиш, чоор, тумар жана кооз жасалгалар жасалган, акиташ алынган, раковина акча катары да колдонулган. Кээ бир кош капкалуу, курсак буттуу моллюскалардын жана наутилустун раковинасынан седеп алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү