Раманкулов, Бейшенбек Айткулович

Раманкулов, Бейшенбек Айткулович (1947-ж.т., Чүй облусу, Жайыл р-ну, Сарыбулак кыштагы) – гидрогеолог, Кыргыз ССРнин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1988). Фрунзе политехника ин-тун бүткөн (1970). Кыргыз комплекстүү гидрогеол. экспедициясынын Ош гидрогеол. партиясында улук техник-геолог, гидрогеолог, улук гидрогеолог (1970–73), Балыкчы ж-а Ысык-Көл гидрогеол. партияларында башкы гидрогеолог (1974–93), Балыкчы гидрогеол. участогунун начальниги (1994–95), «Ташчайнар» кичи ишканасынын директору (1995-жылдан). Жер астындагы тузсуз ичүү-чарбачылык, өндүрүштүк-техникалык, жер сугарууга жараган, термоминералдык суулардын кендерин издөө, чалгындоо ж-а запасын эсептөө б-ча салым кошкон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү