Раманкулов Сыргатай
Раманкулов Сыргатай (1940-ж. т., Толук айылы) - Кыргыз Республикасынын эмгек синирген врачы (2002).
- СССРдин саламаттык сактоо отличниги (1976).
- 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун бүтүргөн. Эмгек жолун 1965-76-ж. Токтогул райондук борборлоштурулган ооруканасында врач-невропатолог болуп иштөөдөн баштаган.
- 197677-ж. райондук оорукананын башчысы,
- 1977-86-ж. дарылоо, калкты медициналык жактан тейлөө, уюштуруу, жана методикалык иштер боюнча башкы врачтын орун басары,
- 1986-87-ж. Каракөл шаардык ооруканасынын башкы врачы,
- 1987-2003-ж. Токтогул райондук поликлиникасында врач психиатр-нарколог, райондор аралык врачтык эксперттик комиссиянын төрагасы болуп эмгектенген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5