Рапорт
Рапорт (полякча raport – баяндоо) – 1) негизинен аскер кызматкерлеринин аткарылган ишти же болгон окуяны оозеки жана жазуу жүзүндө начальникке баяндашы. Терминди Россияга орус императору Пётр I (1672–1725) киргизген; 2) тапшырманын же милдеттенменин аткарылышы жөнүндө отчёт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9