Рапс (Brassica napus, В. napus ssp. oleifera) – өсүмдүктөрдүн кайчы гүлдүүлөр тукумундагы бир жылдык чөп. Жапайы түрү белгисиз. Күздүк же жаздык рапс болуп айырмаланат. Рапс күздүк же жаздык кычыны (В. campestris) эгилме (огород) капуста (В. oleracea) менен аргындаштыруудан чыгарылган. Сабагы бутактуу, бийиктиги 50–250 см. Гүлү майда, сары, кээси ак түстө. Саадагы узун (5–10 см), ичке (3–4 мм). Уругу тоголок, диаметри 1,7–2,5 мм, өңү ачык күрөңдөн карага чейин. Жаздык рапстын уругунда 33–40%, күздүгүнүн уругунда 40–50% май болот. Майы металлургия, самын, булгаары, текстиль өнөр жайында, акталгандан кийин тамак-ашка керектелет. Күнжарасы – мыкты концентраттуу тоют. Анда 32%тей протеин, 9%тей май, 30%тей азотсуз заттар бар. Күздүк рапстын ар гектарынан 100–900 ц көк тоют алынат. Ал бардык малга берилет. Жаздан баштап, 30 күнчө гүлдөйт. Уругу июлдун башында бышат. Вегетация мезгили 300–320 күндүк Негизинен май өсүмдүгү катары Украинанын батыш аймактарында өстүрүлөт. Августтун башында эгилет. Ар гектар жерден 10–30ц урук алынат. Жаздык рапс өнүп чыккандан тартып, 50–58 күндүн ичинде гүлдөп, 29–31 күн гүлдөйт. Июлдун аягында бышат. Вегетация мезгили 80–110 күндүк Украинанын түндүк бөлүгүндө жаздык эгиндер менен бир мезгилде эгилет. Ар гектар жерден 8–15 ц урук алынат. Негизги зыянкечтери: бүргө, рапс таарыгычы, рапс жалбырак жегичи, рапс гүл жегичи, капуста бити ж. б. Илдеттери: кара темгил же альтерниоз, жалган чаңгыл кебер же переноспороз.

Колдонулган адабияттарОңдоо