Раса - антропология илиминде чыгыш теги жагынан, сырткы кебетеси окшош, байыркы мекени жалпы болгон адамдардын тобу.

A comprehensive atlas, geographical, historical & commercial (1835).

Антропологияда негизги жана өткөөл расалар белгилүү. Расалардын калыптанышы, жогорку палеолит мезгилине (40-26 миң жыл мурда) таандык. Мында тирүү организмдин курчап турган физика-географиялык чөйрөгө көнүүсү чечүүчү ролду ойногон. Негизги расалар табийгаттын таасиринен улам алардын сырткы өзгвчөл:үктөрүнө карата төрт расага бөлүнөт: европеоид, монголоид, негроид, австралоид. Негизги расалардын калыптанышы жана алардын өзгөчө белгилери биологиялык жана табигый өнүгүшү адам баласынын жер жүзүнө таралып отурукташуусунун жыйынтыгы болгон. Кыргыздар монголоиддик чоң расанын түштүк сибирдик өткөөл расасына кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4