Расизм жана расалык басмырлоо

Расизм жана расалык басмырлоо – эларалык укук бузуунун бири. Р. ж. р. б. расистик идеологияны, расалык эски көзкараштарга негизделген таңуулоолорду, басмырлоочу жүрүм-турумдарды, түзүмдүк уюмдарды, расалык теңсиздикке алып келүүчү институтташтырылган иш-тажрыйбаны, ошондой эле моралдык жана илимий жактан алганда, топтор ортосундагы мындай мамилелер өзүн актайт дегендей идеяларды камтыйт; басмырлоочу мыйзамдар менен күндөлүк турмушта байкалат. Р. ж. р. б. – адамдар тобунун башка бир топко үстөмдүк кылуу же аны жокко чыгаруу укугуна негизделип, айрым бир расалык же этностук топтун артыкчылыгына же кемчилигине таянган теория. Расисттик теорияны ишке ашыруу иш жүзүндө адам укугун расалык жактан басмырлоо саясатынан, т. а. саясий, экономикалык, социалдык, маданий жана башка коомдук турмуш тармактарына негизделген негизги эркиндиктерин расасы, терисинин түсү, теги, улуттук жана этностук келип чыгуусу боюнча бөлүүлөрдөн (кемсинтүүдөн, чектөөдөн же артыкчылык берүүдөн) улам көрүнөт. Расалык басмырлоонун баардык түрүн жоюу жөнүндөгү эларалык 1966-жылдагы конвенция Р. ж. р. б-ну кылмыш катары жарыялады.

Колдонулган адабияттар түзөтүү