Раск Расмус Кристиан (22. 11. 1787, Дания, Брандекильд – 14. 11. 1832, Копенгаген) – немец тилчиси, салыштырма-тарыхый тил илимин негиздөөчүлөрдүн бири, индевропа тилдерин изилдөөчү. 1811-жылы Копенгаген университетин бүтүргөн. Расл Расмус студент кезинен эле лингвистикалык эмгектерин жаза баштаган жана клинопись жазууларын аныктаган. 1813–15-жылдары Исландиянын тарыхын, тилин изилдеп, анын салыштырма-тарыхый тил илиминде жана герман филологиясында маанилүү орду, ошондой эле грек жана латын тилине да жакындыгы бар экендигин аныктаган. Ал Финляндиядан Санкт-Петербургга, андан Персияга, Индияга саякат жасап (1816–23), 1823-жылы Копенгагенде байыркы иран жана будда жазмасын ж. б. бай табылгаларын жыйнак кылып чыгарган. 1823–32-жылдары Копенгаген университетинин профессор болуп эмгектенген.

Эмгектери: Руководство к исландскому или древнесеверному языку. Копенгаген, 1811; Исландское литературное общество. Стокгольм, 1818.

Колдонулган адабияттар түзөтүү