Рахматуллин Калим Ахмедович

РАХМАТУЛЛИН КАЛИМ АХМЕДОВИЧ (1903–1946)

Адабиятчы, сынчы Калим Ахмедович Рахматуллин 1903-жылы Пишпек уездиндеги Токмок шаарында туулган.
1919-жылы Токмок шаарындагы большевиктер партиясына мүчө болуп өтөт.
1920-жылдардан тартып Крайлык, Кыргызстан Жаштар союзунун облустук комитетинде, Токмок жана Нарын шаарларында партиялык органдарда жооптуу кызмат аткарат.
К.Рахматуллин 1923–1925-жж. САГУда окуган. 1925-1927-жж. ВКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун басма сөз бөлүмүндө иштеп, 1931-жылы САГУнун экономикалык факультетин бүтүргөн соң, 1935-жылга чейин «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редактору, «Кыргызмамбастын» директору, пединституттун мугалими жана кафедра башчысы, СССР Илимдер Академиясынын Кыргызстандагы филиалынын тил, адабият жана тарых институтунун ага илимий кызматкери болуп иштеген.
Калим Рахматуллин марксизм-ленинизм классиктерин кыргыз тилине биринчи которгон котормочулардан болгон.К.Рахматуллиндин советтик кыргыз адабиятынын жаралышы жана өсүшү, «Манас» эпосу жөнүндө макалалары көп. Кыргыз адабиятынын биринчи очеркинин авторлорунун бири, «Манас” эпосунун варианттарын салыштырып чыгуу, изилдөө ишинде эмгектенген.
К.Рахматуллин адабиятка сиңирген эмгеги үчүн «Эмгек Кызыл Туу» ордени менен сыйланган.

Жарык көргөн китептери
Кыргыз тилинде:
Айыл-кыштакта иштөө тууралуу. - Ф.: Кыргызмамбас, 1928. - 48 б.
Айыл чарба ийримдери кандай иштөө керек. -Ф.: Кыргызмамбас, 1930. - 48 б.
Эгин жыюу жана колхоздоштуруу. - Ф.: Кыргызмамбас, 1934. - 39 б.
Биздин адабият. Толук эмес орто мектептердин 7-классы үчүн. Хрестоматия. - Ф.: Кыргызмамбас, 1943. - 432 б.
Кыргыз совет адабиятынын очерки. - Ф.: Кыргызмамбас, 1943. - 279 б.
(М.Богданова. Б.Жакишев, Т.Саманчин менен бирге).

Орус тилинде:
Улуу патриот, укмуштуу Манас. – Ф.: Киргизгосиздат, 1943. - 80 б.