Рашидов Шараф Рашидович (24. 10(6. 11). 1917, Жызак ш., азыркы Өзбекстан - 1992, Ташкенг) - советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер, өзбек жазуучусу. Эки жолу Социалисттик Эмгектин баатыры (1974, 1977). 1939-жылдан КПСС мүчөсү.

Дыйкан үй-бүлөсүнөн. Самаркандагы Өзбек университетинин филология факультетин (1941), ВКП(б) БКш караштуу Жогорку партиялык мектепти (1948, сырттан) бүткөн.

  • 1935-жылы Жызактагы педтехникумду бүтүрүп, Орто мектепте мугалим.
  • 1937-41-жылдары Самаркан облусунун «Ленин йоли» газетасында жооптуу катчы, редактордун орун басары, редактор.
  • 1941-42-жылдары Советтик Армияда, 1943-44-жылдары облустук газетанын редактору.
  • 1944-47-жылдары Өзбекстан КП(б) Самаркан обкомунун катчысы.
  • 1947-49-жылдары республикалык «Кызыл Өзбекстан» газетасынын жооптуу редактору.
  • 1949-50-жылдары Өзбекстан жазуучулар союзунун башкармасынын төрагасы.
  • 1950-59-жылдары Өзбек ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы жаш СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасынын орун басары.
  • 1959-жылы марттан Өзбекстан КП БКнын биринчи секретары. КПССтин 19-25-съезддерине делегат.
  • 1956-жылдан КПСС БКнын мүчөлүгүнө кандидат, 1961-жылдан КПСС БКнын мүчөсү.
  • 1961-жылдан КПСС БСнын Президиумунун, 1966-жылы апрелден КПСС БКнын Саясий бюросунун мүчөлүгүнө кандидат. СССР Жогорку Советинин (3-10шайл.) депутаты.
  • 1970-жылдан Президиум мүчөсү. Рашидовдун алгачкы ырлар жыйнагы 1945-жылы «Каарым» деген ат менен чыккан. Дың жерди өздөштүрүүдөгү элдин күрөшүп «Жеңип чыккандар» (1951) давестинде баяндаган.

Кийин бул тема кеңейтилип, «Бороондон күчтүү» (1958) романында берилген. Ата Мекендик согуш мезгилинде тылдагы элдин баатырдыгын даңазалаган «Кубаттуу толкундар» (1964) романын жазган.

Рашидовдун «Кашмир баяны» (1956) романтикалык повестинде элинин эркиндик үчүң болгон күрөшүнө арналган. 1950-жылы «Тарыхтын чечими» аттуу публицистикалык макалаларынын жыйнагы, 1967-жылы «Достуктун байрагы» китеби чыккан. Рашидовдун сын макалалары советтик адабияттын актуалдуу проблемаларына арналган.

Жети Ленин ордени, башка 4 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4