Реактивдүү кыймылдаткыч

Реактивдүү кыймылдаткыч – кыймылга келтирүүчү тартуу күчүн отундун күйүү реакциясы пайда кылуучу, реактивдүү агымды кинетикалык энергияга айландыруучу кыймылдаткыч. Реактивдүү кыймылдаткычтын негизги бөлүгү – күйүү камерасы. Жумуш аткаруучу затты ылдамдатып, реактивдүү агымды пайда кылуучу камеранын бөлүгү реактивдүү сопло (газ же суюктук өткөрүүчү атайын канал) деп аталат. Баштапкы энергиянын булагына жараша реактивдүү кыймылдаткыч химиялык, ядролук, күн реактивдүү кыймылдаткыч, ал эми жумуш аткаруучу затты пайда кылуусуна карата аба-реактивдүү (чөйрөдөгү абаны колдонуучу) жана ракеталык реактивдүү кыймылдаткыч деп айырмаланат. Аба-реактивдүү реактивдүү кыймылдаткычта күйүүчү нерсени (отунду) абадан алынган кычкылтек менен кычкылдандыруунун натыйжасында жумуш аткаруучу зат түзүлөт. Атмосферадан алынган аба жумуш аткаруучу заттын негизги массасын түзгөндүктөн, аба-реактивдүү кыймылдаткыч үнөмдүү, узакка иштейт да, чоң ылдамдыкта учуучу аскердик жана жарандык авиацияда кеңири колдонулат. Ракеталык реактивдүү кыймылдаткыч жумуш аткаруучу заттын бардык компоненттерин учуучу аппараттын өзүндө болушун талап кылат Ошондуктан ал айлана-чөйрөгө көз каранды эмес, космосто иштөөгө эң ыңгайлуу. Кургак отундуу (кара дары) ракета кыймылдаткычтары Кытайда биздин замандын 10-кылымында пайда болгон. 1903-жылы К. Э. Циолковский «Дүйнө мейкиндигин реактивдүү приборлор менен изилдөө» деген эмгегинде дүйнөдө биринчи болуп суюк отундуу ракеталык кыймылдаткычтар теориясынын негизги жоболорун баяндаган. Реактивдүү кыймылдаткычтын теориялык маселелерин иштеп чыгууда Н. Е. Жуковский, И. В. Мещерекий, Б. С. Стечкиндин ж. б. салымдары чоң. Бул кыймылдаткыч реактивдүү самолётто, ракетада, реактивдүү снарядда ж. б. колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү