Реактор (ре... жана латынча actor – аракеттенүү, аракетке келтирүүчү) – 1) химиялык реактор – химиялык реакция жүргүзүлчү аппарат. Өнөр жайында реактор түрдүүчө аталат (колонна, камера, автоклав ж. б.); 2) электрдик реактор – чукул туюкталууда ток күчүн чектөөчү жана кубаттуу электр тармагындагы электр чыңалуусун белгилүү деңгээлде кармап туруучу индукциялык түрмөк. реактордун индукциялуу каршылыгы нагрузканын индукциялуу каршылыгынан кыйла аз болгондуктан, тизмекке ток булагы менен нагрузканын ортосуна удаалаш туташтырылган электр реактору тизмектеги ток күчүнө таасирин дээрлик тийгизбейт; электр берүү линиясындагы чукул туюкталууда реактор ток күчүн көбөйтпөйт. Реактор чыңалуусу 6–35 кВт болгон электр тармактарында колдонулат; 3) биологиялык реактор (ферментёр) – микроорганизмдерди азыктандыруу чөйрөдө жана стерилдик шартта өстүрүү менен түрдүү биологиялык продуктулар алынуучу аппарат; 4) ядролук реактор – оор элементтердин ядролорун эркин нейтрондор менен бөлүүнүн башкарылуучу уланма реакциясы жүргүзүлүүчү түзүлүш.

Колдонулган адабияттар түзөтүү