Реакция жылуулук эффектиси

Реакция жылуулук эффектиси – берилген система кеңейүү жумушунан башка жумуш аткарбаган жана реациянын продуктусунун температурасы баштапкы заттар темп-расына барабар болгон шартта, химимялык  реакция жүрүшүндө термодинамикалык система бөлүп чыгарган же сиңирген жылуулук. Турактуу көлөмдө Р.ж.э. системанын ички энергиясы өзгөрүүсүнө (U), турактуу басымда – энтальпия өзгөрүүсүнө (Н) барабар. Реакция энтальпиясынын темп-рага көз карандылыгы Кирхгоф теңдемеси менен аныкталат:

[d(H)/dT]p=Cp  

Ср-турактуу басымда система баштапкы жана акыркы абалындагы реагенттер молдук жылуулук сыйымдуулугунун айырмасы. Жылуулук бөлүү менен жүрүүчү реакциялар экзотермикалык, жылуулук сиңирүү менен жүрүүчү р-лар эндотермикалык р-лар деп аталышат. Термодинамикалык системада экзотермикалык реакция жылуулук эффектиси белгиси терс, ал эми эндотермикалык реакция жылуулук эффектисинин белгиси оң деп эсептелет. Пайдаланууга сунуш кылынбаган термохим. системада тескерисинче экзотермикалык реакция жылуулук эффектисинин белгиси оң болот. Реакция жылуулук эффектисин өлчөө жана анын маанисинин ар кандай физ-хим. чоңдуктарга болгон көз карандылыгын аныктоону термохимия предмети ишке ашырат. Р.ж.э. турактуу басымда жана температурада калориметрия методу менен аныктайт. Мындай шарттарда Р.ж.э. Гесс законуна баш ийет. Р.ж.э. реагенттер стандарттык абалына келтиришет, ал реакциянын стехиометриялык теңдемесине ылайык кандайдыр бир реагент 1 молуна тиешелүү болуп, кДж аркылуу туюнтулат. Р.ж.э. эсептөөдө заттар стандарттык пайда болуу жана күйүү жылуулуктары таблицалары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү