Реакция ылдамдыгы — хим. реакциялар жай же ылдам жүрүүсүн мүнөздөөчү чоңдук. Р. ы. убакыт бирди-гинде өз ара аракеттенишкен заттар концентрациясы өэгөрүшү менен чене-лет. химимялык  реакциялар ар түрдүү ылдамдык менен өтөт. Алардын кээ бирөөлөрү бир секундага жетпей эле бүтсө кээ бирлери минута, саат, күндөп жүрет. Бир нече жылдын аралыгында жүрүүчү реакциялар да белгилүү. Бир эле реакция бир шартта, мисалы, жогорку температурада бат жүрөт, ал эми муздатканда жай жүрөт. химимялык  Р. ы. аныктап билүүнүн илимий жана практикалык мааниси өтө чоң. Себеби химимялык  өнөр жайында тигил же бул заттар өндүрүүдө аппаратуралар көлөмү жана өндүрүмдүүлүгү Р. ы. көзкаранды болот. Ошондуктан практикада химимялык  Р. ы. жүрүү шартын билүү жана ар кандай факторлорду таасир этүү м-н. аны өзгөртө билүү чоң мааниге ээ. Р. ы. таасир этүүчү факторлор: реакцияга кирүүчү заттар жаратылышы, алардын концентрациясы, темп-ра жана системада катализатор катышышы. Реакциянын жүрүү ылдамдыгын изилдөө химимялык  Р. ы. ж-дөгү окууну — химимялык  кинетиканы түзүүгө алып келди.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү