Реверстөө, реверс (лат. rever- tor - артка бурам, кайра кайтам) - машинанын же анын жумушчу бөлүктөрүнүн негизги кыймылынын багытын карама-каршы өзгөртүү.

Поршендүү машиналарда Реверстөө бөлүштүргүч механизмдер менен трансмиссияга аралык звенону кошуу менен иш жүзүнө ашырылат. Реверстөөгө авиация кыймылдат- кычтарында аба винтинин калактарын буруу же чыккан газдардын агымын башка жакка багыттоо менен, ал эми электр кыймылдаткычтарында дүүлүктүргүч оромдогу токтун багытын өзгөртүү менен (туруктуу ток кыймылдаткычында) жетишүүгө болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.