Ревматология (ревматизм жана ...логия) - медицинанын коллаген ооруларын, муундардын сезгенишин, остеоартроз ж. б. ооруларды комплекстүү изилдөөчү бөлүгү.

Ал неврология, кардиология, гематология ж. б. менен байланыштуу. Кызыл жүгүрүктөгү муундун сезгенишин Гиппократ жазган. К. Гален «ревматизм» терминин кыймылдоо аппаратынын ар түрдүү оорусун белгилеш үчүн киргизгенералдык Кызыл жүгүрүк жөнүндөгү илимдин негиздөөчүлөрү; Ж. Б. Буйо жана Г. И. Сокольский.

Ревматология нын 19-кылымда теориялык өсүшүнө патоморфологдор М. Ф. Биша, Р. Вирхов, К. Рокитанский, терапевттер С. П. Боткин, Г. А. Захарьин ж. б. чоц салым кошкон.

20-кылымда Ревматология да амер. (А. Ф. Коберн, П. Клемперер) жана советтик (Н. Д. Стра- жеско, Г. Ф. Ланг, А. А. Богомолец ж. б.) илимпоздордун изилдөөлөрү зор. 20-кылымдын 2-жарымында Ревматологиянын өсүшүнө иммунологиялык жана био- химиялык, вирусологиялык методдорду колдонуу, биопсия, радиоизотоп диагностикасы салымдуу көмөк көрсөттү. Азыр Кызыл жүгүрүктү дарылоодо иммунодепрессанттар (иммунологиялык реакцияларды басаңдатуучу дарылар) кецири колдонулууда.

Кыргызстанда республикалык кардиоревматология борбору 1963-ж. уюшулган. 1977-ж. республикада 40 кардиоревматология кабинети (анын 17си балдар үчүн), балдардын 3 Ревматологиялык сан торийи болгон

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.