Революциячыл комитеттер

РЕВОЛЮЦИЯЧЫЛ КОМИТЕТТЕР, ревкомдор – Совет бийлигинин граждандык согуш жана чет элдик интервенция убагындагы (1918– 20) убактылуу атайын органдары. Анын уюштурулушунда жана ишинде Октябрь революциясы мезгилиндеги (1917) аскердик революциячыл комитеттердин тажрыйбасы колдонулган. Революциячыл комитеттер 1919-жылы кеңири кулач жайып, республикалык, крайлык, губерниялык, уезддик, болуштук, айылдык болуп түзүлгөн. Алар граждандык, аскердик бийликке толук ээ болуп, мүчөлөрү жогортон дайындалган. Биринчи революциячыл аскер совети (РАС) деп аталган комитет 3–5 адамдан туруп, Совет бийлигинин жергиликтүү органдары менен бирдикте иштеген. Кыргызстанда революциячыл комитеттер 1919-жылы түзүлүп, көпчүлүк жерлерде жергиликтүү Советтердин аткомдорунун милдетин аткарган. Революциячыл комитеттер Кыргызстанда жер жана улут маселелерин чечүүдө, басмачыларды жоюуда маанилүү роль ойноп, совет бийлигинин органдарын шайлоо жолу менен түзүүгө шарт түзгөн. Революциячыл комитеттер Кыргызстандын аймагында өз милдетин аткарган соң (1923) жоюлуп, бийликти жергиликтүү Советтердин аткомдоруна өткөргөн.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.