Регел тамыр күчаласы (лат. Eminium regelii, Vved.) - Бийиктиги 20-40 см ге чейин жеткен, көп жылдык, түймөктүү өсүмдүк. Түймөгү жалпайган шар сымал келип, жоондугу 3 см ге чейин. Жан тамыр жалбырактары ачык жашыл, узунча ланцеттүү же узунча, жалбырак саптуу. Гүл сабы жер бетине жакын жайгашып, бийиктиги 10-30 см. Гүлдөрү бир жыныстуу, сото топ гүлүнө чогулган, гүл коргонсуз, сотонун төмөнкүлөрү – энелик, жогору жагындагысы – аталык гүлдөр. Аталык гүлдөрдүн эң жогорку жагында сотодо кээде шибеге-жиптей гүлдөрдүн рудименти болот. Сотосу чокмор сымал узундугу 5-9 см келген көмөкчүсү менен аяктайт. Жабуусу сотосунан 2 эсе узун – 8-18 см, ички жагы баркыттай кара- кызгылт көк, төмөн жагы түтүкчөгө өтүп кетет да, сотонун ылдыйкы бөлүгүн камтыйт.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Апрелң-май айларында гүлдөйт, мөмөлөөсү боюнча маалымат жок. Уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Батыш Тянңшанң (Фергана, Чаткал жана Атойнок тоо кыркаларынын төмөнкү жана ортоңку алкактары) жана Түндүк Памир-Алай.

Өсүү шарттары түзөтүү

Лесс сымал, сейрегирээк майда топурактуу жана шагыл топурактуу тоолордун төмөнкү жана ортоңку алкактарында кездешет.

Саны түзөтүү

Жаратылышта өтө чектелген. Түр жоголуп кетүү коркунуч алдында турат. Ареалынын чегинде бирин-серин учурайт.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Жайыттарды эрте жазда чексиз колдонуп, тоо этектериндеги жерлерди интенсивдүү түрдө иштетип, кайракта өсүүчү өсүмдүктөрдү өстүрүү залал келтирет.

Өстүрүү түзөтүү

Эч кандай маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Түр жайгашкан жерлерин коргоп, популяциясынын абалына иликтөө жүргүзүп, ботаникалык бактарга интродукциялоо керек.

Статусу түзөтүү

VU . Батыш Тянңшандын сейрек кездешкен эндем түрү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү