Регистан
Регистан – Иран тайпак тоосунун чыгыш бөлүгүндөгү чөл. Афганстандын түштүгүндө. узундугу 400 кмден ашык, туурасы 200 кмдей. Аянты 40 миң км2. Жантайыңкы түздүк (бийиктиги чыгышында 1500 м, батышында 800 мге чейин). Сейрек шыбак-эфемерлүү өсүмдүктөр, дарыя өрөөндөрүндө (Гильменд ж. б.) тал-терек өсөт. Көчмөн мал чарбачылыгы басымдуу. Оазистер сейрек кездешет. Түштү-батыш четинен афган-пакистан чек арасы өтөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9