Редупликация (латынча reduplication – кош кабатталуу) – башкы муундун (толук эмес редупликация) жана бүтүндөй уңгунун (толук редупликация) кайталанышы менен мүнөздөлгөн фономорфологиялык кубулуш. Редупликациянын жеткен чеги – кайталоо, башкача айтканда сөздүн кайталанышы. Кыргыз тилинде сын атоочтун күчөтмө даражасында (мисалы, капкара, кыпкызыл, жапжашыл, сапсары, кипкичине ж. б.) жана кош сөздөрдү жазууда колдонулат (мисалы, бийик-бийик, араң-араң ж. б.). Ошондой эле редупликация түрдүү түзүлүштөгү тилдерге да мүнөздүү, аткарган милдети ар түрдүү болгон грамматикалык маанини туюндурат (мисалы, Африканын айрым тилдеринде редупликация зат атоочтун көптүк санын түзөт), лексикалык маанини вариациялоо каражаты катары да колдонулат (ылдамдыкты, бөлүктү, кичирейтүү маанисин туюндурууда), ошондой эле идеофондорду жана табыш тууранды сөздөрдү пайда кылууда да кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү