Ред-Ривер
Бул барак сөздүн же сөз айкашынын маанилерин келтирип, тийиштүү макалаларга шилтеме берет. Бул жерге макаланын негизги текстинен багытталсаңыз: ал макаладагы шилтемени жана/же бул жерге багытталган баракты оңдоп, Википедияны жакшырта аласыз. Бирок, тийиштүү макала жазыла элек үчүн да бул жерге багытталган болушуңуз мүмкүн. |
Ред-Ривер (англ. Red River) – Түндүк Америкадагы эки дарыя.
- АКШ жана Канаданын аймагында. узундугу 920 км, алабынын аянты 297 миң км2. Борбордук түздүк аркылуу агып, Виннипег көлүнө куят. Орточо чыгымы 240 м3/сек. Ортонку жана төмөнкү агымында кеме жүрөт. Боюнда Виннипег шары (Канада) жайгашкан;
- АКШнын түштүгүндөгү дарыя, Миссисипинин оң куймасы. узундугу 2050 км, алабынын аянты 233 миң км2. Орточо чыгымы 880 м3/сек. Төмөнкү агымында тармактанып, бир салаасы Мисиссипиге (Олд-Ривер), экинчиси Мексика булуңуна куят (Атчафалая). Шривпорт шаарына чейин кеме жүрөт. Тексома ири суу сактагычы, ГЭС курулган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9