Режиссердук өнөр, режиссура - бардык жагы бири бирине шай- кеш келип, көркөмдүк жактан биримдикке жетишкен оюн-тамашаны (драмалык же муз. спектакль, кинофильм, цирк же эстрада оюну ж. б.) жаратуу өнөрү.

Режиссёр өзүнүн ниетиндеги корком планына ылайык пьесаны же сценарийди, опера же балет либреттосу менен партитураларып тескеп-териштирип, аларды оюнга ка- тышуучулардын аң-сезимине жеткирип, аткаруучуларды эстетикалык жактан бириктирет; спектаклдин идеялык мазмунун, жанрын жана сырткы формасын ачып, ритм, мизан сценасын, арена менен эстраданы пайдалануу мүмкүндүгүн белгилейт, кейипкерлердин мүнөзүн, кино менен телекөрсөтүүдө кадр, монтаж ж. б-нын түзүлүшүн айкындайт.

Режиссер өнөрдүн бардык компоненттерин: декорациясын, музыкасын, жарык кылыны- шын жана артисттин чыгармачылыгын, кийимин өз ара шайкеш келгидей кылып уюштурат.

Режиссердук өнөр дүн элементтери байыркы заман театрларында да болгон. Азыркы түшүнүктөгү Режиссердук өнөр 19-кылымдын 2-жарымында драма театрында пайда болгон. Анын калыптануу мезгили Германиядагы Мейнинген театры, Париждеги А. Антуандын жана Берлиндеги О. Брамлын Эркин театрлары, Лондондогу «Көз карандысыз театр» менен тыгыз байланыштуу. Бирок бул театрлар али натурализм элементтеринен толук арылган эмес.

Кыргыз кино өнөрүнүн өсүшүнө В. М. Пронин, Т. Океев, Б. Шамшиев, М. Убукеев, Г. Базаров, Л. Турусбекова ж. б. режиссёрлор кыйла улүш кошту.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.