Рейнхардт Макс (9. 9. 1873, Австрия, Баден – 31. 10. 1943, АКШ, Нью-Йорк) – немец режиссё-ру, актёр жана театр ишмери. 1894-жылы Вена консерваториясынын театр мектебин бүткөндөн кийин Братислава, Зальцбург театрларында иштеген. 1894–1904-жылдары Немец театрында (Берлин) актёр. Режиссёрдук ишти 1901-жылы баштаган. Жаңы театрды (1903–06), «Камершпилени» (1906), «Комедияны» (1924), «Фольксбюнени» (1915–19) жана «Йозефштадттеатрды» (1923–37, үзгүлтүк менен) башкарган Рейнхардт театрдагы эски, натуралдык ыкмаларды четке кагып, спектаклдеринде живопистин, жарыктын, добуштун таасирлерине бай жасалгаларды, бий менен музыканы кеңири пайдаланган. Актёрдук оюндун ийкемдүүлүгүнө, сөз сүйлөө маданиятына, мүнөздөрдүн психологиялык жактан так иштелишине көңүл бөлгөн. Чыгармачылыгында реалисттик драматургияга кайрылган, немец классикасын, байыркы доордон Эсхил, Эврипид, Софокл, Аристофандын, ошондой эле У. Шекспир, М. Горький, А. Чехов, Б. Шоу, Р. Роллан ж. б. авторлордун чыгармаларын койгон. Белгилүү спектаклдери: «Эдип падыша» (Софокл), «Жай түнүндөгү түш» (У. Шекспир), «Түпкүрдө» (М. Горький), «Фауст» (И. Гёте). 1933-жылы Германиядан кетип, Австрия, Франция, АКШда иштеген. Голливуд да театр мектебин ачкан, фильм тарткан. Ал өзү түзгөн театрларда жана студияларда жаңы көркөм каражаттар менен эксперименттерди жүргүзгөн. АКШнын жана Европа өлкөлөрүнүн актёрдук жана режиссёрдук искусствосуна чоң таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү