Рейхштад келишими — 1876-ж. 26 (8-июль )-июнда Орусия менен Австро-Венгрия ортосунда Балкан маселеси боюнча Рейхштад сепилинде (Чехия) жашырын түзүлгөн.

Рейхштад келишими Сербия, Черногориянын Осмон империясы менен болгон согушунда эки державанын кийлигишпөөсүн караган. Австрия-Венгрия Рейхштад келишимине Россия Балканда ири славян мамлекетинин түзүлүшүнө жардам бербейт деген жобону киргизүүгө жетишкен.

Рейхштад келишими боюнча Орусия Австрия-Венгриядан 1856-ж. Париж тынчтык келишими боюнча ажыраган Түштүк Бессарабияны жана Батумини кошуп алуу макулдугун алган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.