Рекламация (лат. reclamatlo – каршы болуу, жактырбоо) – жарандык укукта сатып алуучунун (тапшырыкчынын) продуктуну даярдоочуга (берүүчүгө, жасоочуга) анда табылган кемчиликтерге жана/же толук жабдылбаганына байланыштуу тийиштүү актылар менен жол-жоболоштурулган дооматы. Р. эгер ал долбоорлоо-технологиялык кемчиликтер, буюмдун жана анын жабдууларынын бузулганына байланыштуу болсо кабыл алынат. Р. эгер ал туура эмес пайдаланууга байланыштуу болсо, же кайра кошумча иликтөөдө бузулуулар бышыкталбаса, Р. четке кагылат. Эларалык сооданын заманбап укуктарында жана КР мыйзамдарында «Р» аталгысы «доомат» аталгысы менен четке сүрүлүп салынган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү